Жаңылыктар
17.12.2024 20:28
Кароолор: 471
СУУЧУЛДАР 3 КҮНДӨ КӨЛДӨН 5800 метр ТОР ЧЫГАРЫШТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 14-15-16-декабрь күндөрү ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн Түп районуна караган Күрмөнтү, Кутурга жана Кичи-Өрүктү айылдарынын аралыгында балык уулоочу торлордон тазалоо иштерин жүргүздү.
Аба ырайынын туруксуздугуна жана суукка карабай тазалоо иштерин тынымсыз улантып жаткан суучулдар 3 күндүн ичинде 6 800 га жакын жерди тазалашып, 5800 метр тор чыгарышкан.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери ушул күнгө чейин көлдүн жалпы 401 152,6 гектар жери тазаланып, 104 200 метр балык уулоочу торлордон арылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР