Жаңылыктар

11.01.2024 14:01

   Кароолор: 491

СУУЧУЛДАР 2 КҮНДӨ 1096,57 ГА КӨЛ АЯНТЫНАН 2100 МЕТР ТОР ТАЗАЛАШТЫ

Кечээ, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар борборунун суучулдары Ысык-Көлдөгү балык уулоочу торлорду тазалоо ишин кайрадан башташты.

Суучулдар 2 күн ичинде 1096,57 гектар суу аянтынан 2100 метр синтетикалык тор жана ага түшкөн балыктарды чыгарышты. Бул жолу Түп районунун Күрмөнтү айылынан Кутургуга чейинки аралыктарды тазаланды.

Аба-ырайынын өзгөрүлмөлүүлүгүнө, суунун муздагына карабай, балык кармоочу торлорду тазалоону улантып, көл экочөйрөсүн сактоого өткөн жылдан тарта салым кошуп келет.

Эске салсак, Өлкө башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көлдү тазалоону, экочөйрөсүн өнүктүрүүнү демилгелеп, 2023-жылдын 12-мартынан тарта тазалана баштаган. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 431 182,69 гектар көл аянтынан 22 546 кг таштанды, 220 200 метр тор чыгарылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу