Жаңылыктар
01.11.2023 09:54
Кароолор: 1020
СУУЧУЛДАР 198 КҮНДӨ 22 456 КГ ТАШТАНДЫ, 143 000 МЕТР ТОР ЧЫГАРЫШКАН
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар борборунун суучулдары бул жолу да аба ырайынын бузулганына карабай көлдү тазалашты. Тактап айтканда, 30-31-октябрь күндөрү суучулдар балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарышты.
Алар Түп районунун Ой-Тал, Жаркынбаев айылдарын жана Түп куймасынынын тушунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тазалоонун 198-күнүндө көл аянтынын 549,75 гектарын тазалап, 3800 метр тор алып чыгарышты.
Ал эми Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тазалоо башталгандан тарта суучулдар 352 642, 15 гектардан Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 456 кг ар кандай таштанды жана 143 000 метр тор тазалашкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР