Жаңылыктар

23.10.2023 11:10

   Кароолор: 527

СУУЧУЛДАР 188 КҮНДӨ 22 441 КГ ТАШТАНДЫ, 123 350 МЕТР ТОР ЧЫГАРЫШКАН

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар борборунун суучулдары бул жолу да көлдүн түбүн дем алышсыз тазалашты. 23-октябрга караган түнү суучулдар атайын балыкчылардын торлорун көлдөн чириген балыктары менен кошо чыгарышты.

Алар буга чейин 21-октябрда көлдүн түбүн тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тактап айтканда, тазалоонун 188-күнүндө көл аянтынын 12 988 гектарын тазалап, 2800 метр тор алып чыгышкан.

Ал эми Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тазалоо башталгандан тарта суучулдар 310 147, 12 гектардан Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 441 кг ар кандай таштанды жана 123 350 метр тор тазалашкан.

Суучулдар учурда Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыктарды таштандылардан арылтышууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу