Жаңылыктар
13.03.2024 13:50
Кароолор: 609
СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ БААЛАНУУДА
2024-жылдын 12-15-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Жарандык коргонуу абалын баалоо жүргүзүлөт.
Баалоо жана текшерүү алгач министрликтин борбордук аппаратында башталып, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган атайы комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жарандык коргонуу абалын баалоонун негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын жана уюштурулушун;
- байланыш жана кабарландыруу тутумдарынын даярдыгын;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн каржылык жана материалдык ресурстардын көрөңгөсүн түзүүнү;
- жарандык коргонуу жаатында окутууну;
- Өзгөчө кырдаалдан коргонуунун абалын;
- өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча баалоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, ЖК абалын баалоо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин түзүмдүк, ведомствого караштуу жана облустук, райондук деңгээлдеги аймактык бөлүктөрүндө да жүргүзүлөт.
Максаты өзгөчө кырдаалдарда иш алып баруу даярдыгын текшерүү жана усулдук жардам көрсөтүү, жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштурууну жакшыртуу багытында сунуштарды берүү болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР