Жаңылыктар

05.06.2024 15:06

   Кароолор: 275

СУУ ОБЪЕКТИЛЕРИНДЕГИ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТЕКШЕРИЛДИ

Бүгүн, 5-июнда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери райондун Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте райондун аймагындагы суу объекттерин текшерип, жайкы аптапта жарандардын суудагы коопсуздук эрежелерин камсыз кылуу максатында жеринде түшүндүрүү иш- чараларын жүргүздү.

Анда адистер эс алуу жайларында коопсуздук эрежелерин камтыган такталар, сууда коюлган чектөөчү белгилерди текшеришип, куткаруучу шаймандарды колдонуу ыкмаларын көрсөтүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу