Жаңылыктар

21.07.2024 18:00

   Кароолор: 584

СУУ КООПСУЗДУГУН САКТАҢЫЗ!

2024-жылдын 20-21 июль күндөрү Ысык-Көл районунун аймагында эс алуучуларды суу коопсуздугун сактоого чакыруу максатында куткаруучулар тарабынан моторлуу кайыктар колдонулууда.

Ал үчүн ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 моторлуу кайык 3 куткаруучу жана ӨКМдин суучулдар кызматынан 2 моторлуу кайык, 2 суучул тартылган.

Куткаруучулар бул ирет Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык пляждарында "Көгүлтүр Ысык-Көл", "Азан" ошондой эле Бостери айылындагы "Золотые пески" эс алуучу жайларын кыдырышты.

Иш-чаранын алкагында атайы көрсөтүлгөн чектерден чыгып сүзүп жүргөн жарандарга эскертүү берилип, катамаран башкара албай жээктен четтеп бара жаткан жарандарга жардам көрсөтүлгөн.

Бул иш-чара ар жуманын эс алуу күндөрү жүргүзүлүп, көл жээгинде РИИБдин жана Туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу