Жаңылыктар
13.05.2024 15:04
Кароолор: 378
СУУ КАПТАГАН АЙМАКТАРДА КУТКАРУУЧУЛАР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШ АЛЫП БАРДЫ
Кечээ, 12-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Чүй облусунун Жайыл жана Москва райондорундагы үйлөрдүн короосун жана жолдорду суу каптаган.
Кара-Балта шаарында Карл Маркс, Ленин, Садовой көчөлөрүндө 11 үйдүн, Алексеевка айылынын Кавказ көчөсүндө 15 үйдүн жана Владимиров, Мичурин көчөлөрүн суу каптоо коркунучу жаралган.
Жеринде Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук ӨКБдан 29 куткаруучу, Жайыл айыл аймагынан 2 экскватор, 1 жүктөгүч тартылып, короодогу каптаган сууну мотопомпа менен арыктарга сордурулуп, нугун бурган.
Ошондой эле Москва районунун Петровка айылында Новая көчөсүндө 2 турак үйдүн жана Кош-Дөбө айылында Школьный, Самсалиев көчөлөрүндө жайгашкан 4 турак жайдын короосун суу каптаган.
Жерине Москва райондук ӨКБдан ыкчам топ жана айыл аймактан 1 экскватор тартылып, суунун нугу бурулуп, коркунучу жоюлган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР