Жаңылыктар
13.05.2024 13:04
Кароолор: 327
СУУ КАПТАГАН 11 ТУРАК ЖАЙ ТҮНҮ МЕНЕН ТАЗАЛАНДЫ
Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам борбор калаадагы Североиподромный, Лущихина, Алыкулов, Дэн Сяопин, Дмитрова, Кустанайская көчөсүндөгү 11 турак үйдүн короолорун, жертөлөөлөрүн жана жолдорду суу каптаган.
Жеринде ыкчам түрдө ӨКМдин куткаруучулары, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, Бишкек жашыл чарба ишканасынын жана
мамлекеттик автомобилдик инспекциясынын кызматкерлери тартылган.
Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин району боюна өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө айгай жарыяланып, куткаруучулар 12-май саат 07:00дөн тартып, 13-май түнкү саат 04:35 чейин суу каптоо кесепеттерин жоюу иштерин аткарышты.
Ошондой эле Маңка-Жар коктусунда жайгашкан эки сел тосмодогу жамгырдан толгон сууларды сордуруу иштери жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР