Жаңылыктар

23.04.2025 15:27

   Кароолор: 319

СУЛУУЛУК САЛОНУН АЧУУНУ КААЛАГАНДАРДЫН ЭСИНЕ

Ишкерлик менен алектенүүдө эң алгач жумушчуларыңыздын, кардарыңыздын коопсуздугун эске алуу зарыл. Мисалы эгер сиздин сулуулук салонун ачайын деген планыңыз болсо, төмөнкү өрт коопсуздук эрежелерин сөзсүз эске алыңыз!

Алар:

✅электр тогун өткөргүч зымдарынын сапаттуусун алыңыз;

✅эвакуация кылуучу кошумча эшик ачык болушу зарыл;

✅өрт сигнализациясын орнотуңуз;

✅Эвакуациялык план жасатыңыз;

✅алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын болушун камсыздаңыз.

❗️Кардарлардын эсине!

Биз бара турган сулуулук салондорун тандап жатканда андагы кызмат көрсөткөн чачтарач, косметолог, мастерлердин тажрыйбасына карайбыз. Ал туура! Бирок бара турган салондогу өрт коопсуздук эрежелердин сакталуусуна да өзгөчө көңүл буруңуз!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу