Жаңылыктар

05.05.2024 21:09

   Кароолор: 344

СҮЛҮКТҮДӨ ЖҮРГӨН СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 26 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ

Саат 21:00гө карата учурда Сүлүктү шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылды.

Жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо ишин жүргүзүшүүдө

Белгилей кетсек 5-май күнү, кечки саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында сел жүрүп, Раззаков көчөсүндөгү сел сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу