Жаңылыктар

20.05.2024 17:07

   Кароолор: 433

СҮЛҮКТҮДӨ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ ЫКЧАМ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮҮДӨ

2024-жылдын 5-май күнү кечки саат 18:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен Сүлүктү шаарында сел жүрүп, Раззаков көчөсүндөгү сел өткөрүүчү сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптап жаткандыктан, башкармалыктан ыкчам топ жана 6 куткаруучу тартылган. Андан соң, саат 21:00дө ӨКМден 26 куткаруучу жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштерин жүргүзгөн.

Шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери менен биргеликте ыкчам штабда жаз мезгилиндеги жаан-чачынга байланыштуу даярдык иштери талкууга алынып, Шуруп участкасындагы сел өткөрүүчү сайдын оң жээгиндеги абал менен жеринде таанышып чыгышты.

Атайын алдын алуу чараларын аткаруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан айтылган сунуштун негизинде тиешелүү материалдык баалуулуктардын эсебин чыгаруу, тиешелүү иш кагаздарын даярдап сунуш берүү жагын ӨК министринин орун басары, полковник У. Шамырканов тапшырма берди.

Маалым болгондой, Кош-Булак участкасында жана Электр тармактар ишканасынын айланасындагы сел өткөрүүчү сайдын нугун түздөө, калыбына келтирүү иштери боюнча Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жүргүзүлмөкчү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу