Жаңылыктар

05.05.2024 19:07

   Кароолор: 167

СҮЛҮКТҮДӨ ЖАНА ЛЕЙЛЕКТЕ СЕЛ ЖҮРДҮ

Бүгүн, 5-майда алдын ала маалымат боюнча, саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Раззаков көчөсүндө сел сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо максатында ӨКМдин Сүлүктү шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Сүлүктү шаарынын мэри жөнөп кетти.

Ошондой эле ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ жана 6 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Мындан сырткары облустун Лейлек районунда алдын ала маалымат боюнча, Сумбула айыл аймагында саат 18:50 чамасында жааган жаандын кесепетинен Андарак айылы менен Көк-Таш айылын байланыштырган сел сай аркылуу өтүүчү ички чарбалык унаа жолдон сел жүрүп, өтүүгө кыйынчылык жаралган. Жерине №13 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу