Жаңылыктар
06.08.2024 16:00
Кароолор: 461
СҮЛҮКТҮДӨ ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРДҮ
Бүгүн ӨКМдин Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан турак үйлөрдө, эл көп топтолгон жайларда өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында ӨКМдин адистери өрт коопсуздук эрежелерин сактоону, тилсиз жоону алдын алууну жана өрт өчүрүүчү каражатын колдонуу тууралуу маалымат беришти.
Мындан тышкары, ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга өрттүн алдын алуу боюнча маалымат баракчаларын таратып, 112 жана 101 куткаруу кызматтарынын номерлерин эскертишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР