Жаңылыктар

24.12.2024 19:47

   Кароолор: 103

СҮЛҮКТҮДӨ ИЗДӨӨ ИШИ КЕЧ КИРГЕНДИКТЕН ТОКТОТУЛДУ

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 25-декабрда кайрадан улантылат.

Бүгүн ӨКМдин Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчилигинде 6 куткаруучу, ИИМден 16 кызматкер жалпы 22 адам тартылды.

Белгилей кетсек, 19-декабр 1980-жылы туулган А.З. аттуу эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча ӨКМдин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган. Ошондон бери издөө улантылып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу