Жаңылыктар

24.12.2024 11:00

   Кароолор: 181

СҮЛҮКТҮДӨ ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ УЛАНТЫЛУУДА

Бүгүн, 24-декабрь күнү Баткен облусунун Сүлүктү шаарында издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчилигинде 6 куткаруучу, ИИМден 16 кызматкер жалпы 22 адам тартылды.

Белгилей кетсек, 19-декабр 1980-жылы туулган А.З. аттуу эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча ӨКМдин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган. Ошондон бери издөө улантылып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу