Жаңылыктар

23.12.2024 19:50

   Кароолор: 635

СҮЛҮКТҮДӨ ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ЭРТЕҢ УЛАНАТ

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан тургунду издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 24-декабрь күнү издөө улантылат.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу тартылган.

Белгилей кетсек, 19-декабрь күнү Сүлүктү шаарынан 1980-жылы туулган А.З. аттуу эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, КР ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү үчүн ӨКМдин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган. Бүгүн издөө иштерине жалпы 48 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу