Жаңылыктар

25.12.2024 12:04

   Кароолор: 648

СҮЛҮКТҮДӨ БҮГҮН ИЗДӨӨ ИШТЕРИНЕ 33 АДАМ ТАРТЫЛДЫ

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында изделип жаткан жаранды издөө иштерин улантууга бүгүн, 25-декабрга карата Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 15 жана УКМКнын чек ара кызматынан 2 кызматкер, 2 дрон жана жергиликтүү жашоочулардан 12 жаран, жалпы 33 адам тартылды.

Маалымат катары айта кетсек, ушул жылдын 19-декабрында Сүлүктүдөгү Кольцо айылынын жашоочусу, 40 жаштагы А.З. аттуу эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, КР ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча КР ӨКМнин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу