Жаңылыктар

15.04.2026 10:07

   Кароолор: 12

СУЛАЙМАН-ТООНУН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

ӨКМдин алдындагы Өрт көзөмөл кызматынын инспекторлору «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча кезектеги текшерүү жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.

Текшерүүнүн алкагында экспонаттар сакталган залдардагы өрт белги берүүчү системаларынын иштеши жана алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандардын жарактуулук мөөнөттөрү, эвакуациялык жолдору каралды.

Мындан сырткары тоо этегиндеги кургаган чөптөрдү тазалоо жана эс алууга келген жарандардын жоопкерчилиги боюнча кызматкерлерге нускамалар берилди.

Соңунда музей жетекчилигине жана кызматкерлерине өрт коопсуздугу боюнча кошумча нускамалар берилип, аныкталган айрым кемчиликтерди тез арада четтетүү тапшырмасы коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу