Жаңылыктар
26.06.2025 16:17
Кароолор: 217
СУЛАЙМАН ТООДО 15 ГЕКТАР АЯНТ ӨРТТӨНДҮ
Сулайман-Тоодогу өрт саат 15:02де чектөөгө алынып, саат 15:31де толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоо жалпы каптаган аянт болжол менен 15 гектар. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Өрт кырсыгын өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 3 куткаруучу тартылган.
Ири өрт өчүрүүнү министр Бообек Ажикеев өз көзөмөлүнө алды.
УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!
Өрт кырсыгынын алдын алуу ар бириңизден көз каранды. Жаратылышта, үйдө, көчөдө өрт коопсуздугун сактаңыз.
Кырсыкка күбө болсоңуз 112 чалууну унутпаңыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР