Жаңылыктар

09.05.2024 10:06

   Кароолор: 247

СҮЙҮНЧҮ, ЧЕТ ЭЛДИК ТУРИСТТЕР АМАН-ЭСЕН! КУТКАРУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Куткаруучулар үчүн да, чет элдиктер үчүн да маңдай жарыла кубаныч тартуулаган жаңылык. Бүгүн 2-күн изделип жаткан туристтер аман-эсен табылды. Алар өздөрүнүн Новосибирсктеги тааныштарына байланышка чыгышкан.

Үн байланышын утурлай ӨКМ Кизистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери туристтердин турган дарегин ГУГЛдан болжолдуу видеого түшүрүшкөн. Бүгүн таң эрте издөөгө чыккан куткаруучулар болжолдуу түшүрүлгөн дарекке карай багыт алышкан.

ККББнын адистери куткаруучулар менен туристтердин аралыктарын ГУГЛ картадан аныктап, так маалыматтарын тез-тез берип турушкан.

Ошентип акыркы алынган маалыматта чет элдик туристтер куткаруучуларга жолугуп, ылдый карай жол баштады. Алар куткаруучуларга жардамга муктаж эмес экенин билдиришкен. Учурда абалдары жакшы.

Издөөгө ККББдан 3 куткаруучу 2 дрон менен, КДМБнын “Эдельвейс” тоодон куткаруу тобунан 7 куткаруучу, Ысык-Ата райондук ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4, жалпы 18 куткаруучу тартылды.

Эскерте кетсек, 8-май күнү ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгына “Спорттук туризм федерациясы”, коомдук бирикмесинин башчысы Н. Даутов тарабынан кайрылуу түшкөн.

Анда Россия Федерациянан келген 3 турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Тёплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп атканын билдирген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу