Жаңылыктар

04.10.2023 16:56

   Кароолор: 369

Студенттер өрт өчүрүүчүлөрдүн техникалары менен таанышышты

КР ӨКМге караштуу ЖКАДжКДБнын ӨК кафедрасынын кызматкерлери "5-октябрь Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика факультетинин Техносфералык коопсуздук кафедрасынын студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда куткаруучулар студенттерге "Кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын түрлөрү, алардан сактануу жолдору жөнүндө" сабак өтүштү.

КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №4-ӨККБ жана №8-ӨККБнүн деполорун, атайын техникаларын, жабдууларын, өрт өчурүүчу-куткаруучулардын негизги иш алып баруусу менен таанышышты.

Борбордун "ӨК" кафедрасында орнотулган симуляциялык классындагы коопсуздук чараларын сактоо боюнча виртуалдык машыгууга катышышты.

Ошондой эле жарыяланган бир айлыктын алкагында 29-сентябрда борбордун аймактык кафедрасынын адистери С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясынын чоң класстарынын окуучуларына "Ачык эшик" өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу