Жаңылыктар

23.05.2024 19:40

   Кароолор: 1097

СПОРТ — ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

Үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү Бишкек шаардык башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн арасында спорттун волейбол түрү боюнча беттеш болуп өттү.

Жалпысынан 12 команда башкармалыктын жыл сайын өткөрүлүүчү кубогуна ат салышып жаткан таймаштын максаты өздүк курамдын ден соолукту чыңдоого үндөө, ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Волейбол оюнунун жыйынтыгы менен бүгүн төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болушту.

1-орун Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №4 Өрт-куткаруу бөлүгү;

2-орун башкармалыктын Ыкчам нөөмөт кызматы;

3-орун Бишкек шаардык башкармалыгынын командасы;

4-орун №8 Атайын өрткө каршы куткаруу бөлүгү;

Белгилей кетсек, ушул эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн арасында 24-май спорттун футбол түрү менен 12 команда беттешишет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу