Жаңылыктар

24.01.2025 18:30

   Кароолор: 440

СПОРТ-АР БИР КУТКАРУУЧУ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ

Спорт өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени ал өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жогорку деңгээлде аткаруу үчүн зарыл болгон күжүрмөн даярдыкты өркүндөтөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, майор А. Абылаев, башкармалыктын өздүк курамы арасында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл буруп келет. Бул багытта кызматкерлердин физикалык жана психологиялык даярдыгын жогорулатуу боюнча түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Спорт аркылуу кызматкерлердин чыдамкайлыгы, реакциясынын тездиги жана командалык иштешүү жөндөмдүүлүгү артаарын айкын түшүнүшүүдө.

Бул кадамдардын баары өзгөчө кырдаалдарда жарандардын өмүрүн сактап калууга багытталган иштерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу