Жаңылыктар

25.03.2025 10:05

   Кароолор: 449

СОСНОВКА", "АРАЛ" ПОСТТОРУНА КИРГИЗИЛГЕН ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Жайыл районундагы "Сосновка" жана Токтогул районундагы "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 25-мартта саат 09:30да алынды.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта Бишкек–Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында “Арал”постуна саат 23:45те, "Сосновка" постуна саат 22:25те жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу