Жаңылыктар
22.01.2025 08:02
Кароолор: 600
«СОСНОВКА» ЖАНА «АРАЛ» ПОСТТОРУНА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРДИ
Жайыл районундагы "Сосновка" постунда саат 06:20дан, ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда саат 06:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Мындай чечим №9 ЖТИнин жана №23 ЖТИнин сунушу боюнча Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР