Жаңылыктар

30.10.2024 09:01

   Кароолор: 521

“СОСНОВКА” ПОСТУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ ТАҢ ЭРТЕ АЛЫНДЫ

30-октябрда Бишкек - Ош унаа жолунун “Сосновка” постундагы оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 07:30да алынды.

Белгилей кетсек, 29-октябрда жүргүнчүлөрдүн жол кырсыгына кабылуусунун жана тыгындардын пайда болушунун алдын алуу үчүн оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу