Жаңылыктар

10.01.2025 09:10

   Кароолор: 592

“СОСНОВКА” ПОСТУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Бишкек – Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 09:00дө алынды.

Белгилей кетсек, Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 01:40тан тартып №9 ЖТИнин сунушу боюнча убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу