Жаңылыктар
08.12.2024 12:45
Кароолор: 218
СОСНОВКА ПОСТУНДА ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА КИРГИЗИЛГЕН ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ
Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 12:30да алынды.
Ал эми Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 03:00дөн тартып убактылуу киргизилген чектөө алына элек.
Буга чейин Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 07:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР