Жаңылыктар
09.11.2024 17:20
Кароолор: 445
СОСНОВКА ПОСТУНДА ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилди. Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР