Жаңылыктар
23.01.2025 18:36
Кароолор: 743
СОСНОВКА ПОСТУНДА ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 18:00дон тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР