Жаңылыктар

10.11.2024 09:19

   Кароолор: 294

«СОСНОВКА» ПОСТУНДА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Бишкек – Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 08:20да алынды.

Белгилей кетсек, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 9-ноябрда саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу