Жаңылыктар

08.11.2024 15:40

   Кароолор: 73

“СОСНОВКА” ПОСТУНА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ош – Бишкек унаа жолунун "Сосновка" постуна бүгүн, 8-ноябрда саат 15:20дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №9 ЖТИнин сунушу боюнча чектөө кирди.

Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу