Жаңылыктар

22.01.2025 17:12

   Кароолор: 100

СОСНОВКА ПОСТУ ЖЕҢИЛ УНААЛАР ҮЧҮН АЧЫК

КАР КӨЧКҮ ТАЗАЛАНДЫ

СОСНОВКА ПОСТУ ЖЕҢИЛ УНААЛАР ҮЧҮН АЧЫК

 

Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланып, “Сосновка” постунда жеңил унааларга киргизилген чектөө саат 17:00дө алынды. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1200 метр кубду түзгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн №9 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүздү. Тоо-кен куткаруу кызматынан эки куткаруучу тартылган.

Аталган постто оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды алыс жолго чыкпай турууну, жолдо жүрүүдө сактык чараларына көңүл бурууну жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу