Жаңылыктар
22.01.2025 17:02
Кароолор: 812
“СОСНОВКА” ПОСТУ ЭКИ ТАРАПТУУ ЖАБЫЛДЫ
БИШКЕК–ОШ ЖОЛУНА КАР КӨЧКҮ ТҮШТҮ
“СОСНОВКА” ПОСТУ ЭКИ ТАРАПТУУ ЖАБЫЛДЫ
Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында бүгүн болжол менен саат 16:15 чамасында “112” кызматына кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түштү.
Жерине №9 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүүдө.
Ошого байланыштуу саат 16:20дан тартып Бишкек – Ош жолунун "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убактылуу чектөө киргизилди.
Кырдаалды байкоо үчүн ӨКМдин Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынан 2 куткаруучу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР