Жаңылыктар
27.12.2023 17:25
Кароолор: 327
“СОСНОВКА”, “АРАЛ” ӨТМӨКТӨРҮНӨ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
“СОСНОВКА”, “АРАЛ” ӨТМӨКТӨРҮНӨ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
27-декабрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгонуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн "Сосновка" өтмөгүнө саат 17.00дө, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" өтмөктөрүнө оор жүк ташуучу унааларга саат 17:10дон тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Чектөөлөрдүн алынышы тууралуу кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР