Жаңылыктар

11.05.2024 15:55

   Кароолор: 271

СОСНОВКА АЙЫЛЫНДА КУМ-ШАГЫЛ ТОЛУП КАЛГАН КАНАЛ ТОЛУК ТАЗАЛАНДЫ

Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл аймагына караштуу Сосновка айылында түнкү саат 4:00 чамасында Электро каналында суунун деңгээли көтөрүлүп, ашып түшкөн суудан улам, төмөн жагында жайгашкан Суу чарба башкармалыгына караган Жетиген каналына болжол менен 200 м3 кум шагылга толуп калган.

Жеринде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдин Кара-Балта шаардык жана Жайыл району боюнча ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери, Жайыл райондук Суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүлдү.

Каналды тазалоодо Суу башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылып, толуп калган кум-шагыл толук тазаланып бүттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу