Жаңылыктар

08.08.2024 15:46

   Кароолор: 764

СООДА ТҮЙҮНДӨРҮНДӨ, МЕКЕМЕЛЕРДЕ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛБАГАНЫНА КҮБӨ БОЛСОҢУЗ ИШЕНИМ ТЕЛЕФОНУНА ЧАЛЫҢЫЗ

Өрттүн коопсуздугунун алдын алуу, кырсыктын кооптуулугу жогору мекемелерде, эл көп чогулуучу жайларда өрттүн алдын алуу максатында, бир катар иш-чаралар тынымсыз уюштурулуп келет.

Өлкөбүздүн соода жүргүзүүчү жайларына өрт коопсуздук чараларын сактоону, талаптарын так аткарууну тизмектеген чек-баракчаларын таркатып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алсак, ири соода түйүндөрүнүн, тамактануучу жайлардын, базарлардын жетекчилерине жалпысынан 45 чек-баракчасы тапшырылды.

Быйылкы жылдын 14-мартынан тарта ишкерчиликти өнүктүрүү, алардын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров ишкердикти текшерүүгө убактылуу мораторий жарыялаган эле. Андыктан Жарлыктын алкагында ӨКМдин Өрт көзөмөлдөө кызматы мыйзам чегинде өз иш-аракеттерин жүргүзүп келет.

Алсак, эл көп чогулган жайларда адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында, соода жайларындагы өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүү алгач Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашылат. Аталган министрликке 40 кат жолдонуп, 15 соода-сатык түйүнүнө пландан тышкары текшерүүлөөрдү жүргүзүү макулдашылган.

Мындай пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгында, өрт коопсуздук эрежелерин одоно бузган мекемелердин, соода түйүндөрүнүн жетекчилерине, “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексине” ылайык жалпысынан 8 айып пул салынып, 134 000 сомду түздү.

Эл көп чогулуучу соода-түйүндөрүнө, коомдук тамактануу жайларына жана башка өрт коркунучу жогору мекемелерге пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү аракеттери көрүлүүдө.

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ӨЛКӨ ЖАРАНДАРЫНЫН ЭСИНЕ САЛАТ!

ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматында ишеним телефону иштейт. Эгер Сиз, соода жайларында жана мекеме-ишканаларда өрт коопсуздук эрежелерине ылайык мыйзам бузууларга, өрт коопсуздугу сакталбаганына күбө болсоңуз, тез арада телефон чалып, билдириңиз. Ишеним телефону: 0312 33 32 64.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу