Жаңылыктар

04.07.2025 13:10

   Кароолор: 254

СОКУЛУК РАЙОНУНДА ТУТАНГАН ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Чүй облусунун Сокулук районундагы Больничный көчөсүндө бүгүн, 4-июлда чыккан өрт саат 12:25те толук өчүрүлдү.

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсү берген маалыматка ылайык, чач тарачтын имаратынан чыккан өрттүн жалпы аянты болжол менен 1200 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, кошумча жеке менчик 4 суу ташуучу унаа (водовоз) тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу