Жаңылыктар

04.07.2025 11:44

   Кароолор: 319

СОКУЛУК РАЙОНУНДА ЧАЧ ТАРАЧТАН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 3 БӨЛҮМ ТАРТЫЛДЫ

Чүй облусунун Сокулук районундагы Больничный көчөсүндө бүгүн, 4-июлда алдын ала маалымат боюнча, чач тарачтын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:10до Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, 09:19да 1 күжүрмөн эсеп, 09:36да Москва райондук №15 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 3 бөлүм жеринде иш алып барууда.

Өрттү өчүрүүгө кошумча дагы жеке менчик 4 суу ташуучу унаа (водовоз) тартылган. Саат 10:15те чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок, ал эми өрттүн аянты такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу