Жаңылыктар

27.02.2025 12:26

   Кароолор: 720

СОКУЛУК РАЙОНДУК ЖАЛПЫ ДАРЫГЕРЛЕР БОРБОРУНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

Чүй облусунун Сокулук райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда өрт коопсуздугуна карата пландык текшерүү жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй, Талас облустары боюнча башкармалыгынын инсекторлору ӨКМдин Сокулук району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн пландуу текшерүү “Саламаттыкты сактоо мекемелерине караштуу объектилерде өрт коопсуздук эрежелеринин жана нормалардын сакталышын камсыздоо” буйругун аткаруу максатында өтүүдө.

Кароонун жүрүшүндө аныкталган өрт коопсуздук талаптарын бузуулар жөнүндө акт түзүлүп, аларды белгиленген мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча эскертүү берилди.

КР ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу