Жаңылыктар

20.01.2024 09:05

   Кароолор: 667

СНОУБОРД ТЭЭП ЖҮРҮП КОКТУГА ТҮШҮП КЕТКЕН ЖИГИТТИ ЧЫГАРЫШТЫ

20-январда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Кашкулак” лыжа базасында сноуборд тээп жүргөн адам жардан түшүп кеткен.

Тактап айтканда, 2001-жылы туулган Ж.Т. аттуу жигит бутун кокустатып алгандыгын “112” кызматына билдиришкен.

Мындан улам, куткаруу иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылган.

Базадан ары 2-коктуга түшүп кеткен жигитти аман-эсен чыгарышкан. Куткаруучулар ага алгачкы жардам көрсөтүп, шаарга алып келишти. Абалы жакшы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу