Жаңылыктар
07.02.2025 15:54
Кароолор: 824
“СИТИ ПАРК” ТУРАК ЖАЙ КОМПЛЕКСИНДЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ
Ош шаарынын Ленин көчөсү 200 дарегинде жайгашкан 13 кабаттуу “Сити Парк” турак жай комплексинин жашоочулары тарабынан өрт коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча арыз келип түшкөн. Бул кайрылуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ош аймактык бөлүмү менен макулдашылып, “Сити Парк” турак жай комплексин курган “РЕФРЕШ БИЛД” курулуш компаниясына карата өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында, өрт коопсуздук боюнча 7 пункттан турган текшерүү актысы түзүлүп, курулуш компаниясына тиешелүү эскертмелер берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында өрт коопсуздук чараларын көзөмөлдөө иштерин улантат жана бардык объектилердин ээлерин тиешелүү эрежелерди так сактоого чакырат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР