Жаңылыктар

28.04.2026 19:23

   Кароолор: 110

ШКУга МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МЕКЕМЕЛЕРИ ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ЭКСПЕРТТИК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

 

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрагалыгы менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин эксперттик жыйынынын видеоконференциясы өткөрүлдү. Жыйында өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобосунун долбоору талкууланды.

КР Президенти Садыр Жапаровдун жардам көрсөтүү механизмин түзүү демилгесин ишке ашыруу максатында долбоор иштелип, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жана натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылууга, ошондой эле ШКУ алкагында өз ара колдоону чыңдоого багытталды.

Жыйынга Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынан ШКУ боюнча Улуттук координатор катышты.

Кыргыз тарап атайын эсептин каражаттарын өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ыкчам жана макулдашылган пайдалануу тартибин аныктаган Жобонун долбоорун сунуштады. Талкуунун алкагында катышуучулар документтин негизги багыттарын карап, тараптар маселе боюнча өз маалыматын берди.

Жыйындын жыйынтыгында Протокол даярдалып, ага ылайык тараптар документтин долбоору боюнча өз сунуштарын жана толуктоолорун жөнөтүү жана 15-майда кезектеги эксперттик жыйынды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.

https://www.facebook.com/share/p/1HdkJmdheg/?mibextid=wwXIfr
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу