Жаңылыктар

26.09.2024 17:51

   Кароолор: 605

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

❗ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!

28-29-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылча, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн кооптуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу