Жаңылыктар
11.06.2024 14:54
Кароолор: 302
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 11-июнь күнүнүн экинчи жарымында жана 12-13-июнунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо
этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!
Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайбыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР