Жаңылыктар
28.05.2024 13:20
Кароолор: 585
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Алдыда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 2024-жылдын 28-майында күндүн экинчи жарымында Баткен облусунда тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, 29-30-майларында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусутарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР