Жаңылыктар

08.04.2024 10:38

   Кароолор: 685

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Алар:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;

Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу