Жаңылыктар
07.04.2024 09:48
Кароолор: 618
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинен 8-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Алар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!
Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.
Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР