Жаңылыктар
27.03.2024 13:26
Кароолор: 740
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2024-жылдын 27-мартынан 28-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-107 чакырымында, Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113 чак. (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Бел-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымында;
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-260 чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР